Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ошто санитардык талаптарды аткарбагандар 300 миң сом айып төлөдү

Turmush -  Ош шаарында жыл башынан бери тамак-аш коопсуздугун сактоодо ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы, мал союучу цехтердин санитардык абалы текшерилди. Анын жыйынтыгы менен санитардык эрежелер сакталбаган ишканаларга 300 миң сом айып пул салынган.

Учурда айып пул толугу менен өндүрүлгөнүн ветеринардык жана фитосанитарлык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынын башчысы Кумар Исаков билдирди. Анын айтымында, санитардык тазалыкты сактабан ишкерлерди текшерүү иштери улантылып жатат. Ошондой эле, Ош шаардык мэриясы менен биргеликте жол жээгинде сүт азыктарын, ар кандай азык-түлүктөрдү мыйзамсыз сатып жаткандарга катуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×