Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Тойлорду «Жар-жар» менен кооздогон аккордеончу жигиттер (видео)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылынын 25 жаштагы тургуну Эсен Маткадыров 10 жылдан бери аккордеону менен ырдап, тойлорго шаң кошуп келет. Бул жылдар аралыгында кесиптештер арасында дос күтүп, көптөгөн өзгөчө тойлорго күбө болгон.

Күтүлбөгөн абалдан чыгуунун жолдорун издөө, ал абалдан сууруп чыгуу боюнча Эсенде тажрыйба мол. Алардын бирин айтып берди.

«Таанышыбыздын тоюнда "Жар-жар" айткан ырчы кечигип, аны көпкө күтүп калдык. Келген эл да, биз да күтүп, тойду баштабай турдук. Аны күтсөк дагы көпкө күтчүдөйбүз. Акыры тойдогу жигиттерге аккордеондун коштоосунда өзүбүз той ырын ырдап, жаштарды ресторанга киргизүүнү сунуштадым. Балдар макул болуп, бул кырдаалдан чыгып кеттик. Коноктор да жылуу кабыл алды. Андан кийин кесиптеш балабызды үйлөнүү тоюнда дагы "Жар-жар" айтып киргиздик», - деди ал.

Эсен башка адистик боюнча кесип алганы менен бул жумушун таштай албайт.

«Биз тойлорго катышканда көп кызыктарга туш болгонубуз менен аларды уюлдук телефондорубузга тарта албай калган учурлар болот. Ошол учурду сүрөткө же видеого тартып алсак көп кызыктуу окуялар элге жарыяланмак», - деп кошумчалады.

Учурда аккордеончу жигиттердин катарын ондон ашык таланттар толуктайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1887
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×