Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Катуу шамал Оштогу балатынын жасалгаларын талкалады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрга караган түнү болгон катуу шамалдын кесепетинен Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын айланасындагы жасалгалар талкаланды. Ошондой эле, балатыга илинген оюнчуктарды шамал учуруп кеткен.

Аймактык кабарчынын айтымында, баннерлер да тытылып, жылдарды көрсөтүп турган жасалгалар талкаланган. Балатынын негизи жабыркаган эмес. Мэрия аны кайрадан жасалгалоо аракетин көрүп жатат.

Бул жылы Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балатыны орнотуп, кооздоо үчүн 1 млн сомго тендер жарыяланган. Тендерден 900 миң сомдук смета сунуштаган «Старт» уюму утуп чыккан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1749
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×