Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Ошто катуу ылдамдыктагы унаа дарыяга түшүп, 19 жаштагы кыз көз жумду

Turmush -  Кечээ, 26-декабрда Ош шаарындагы жол-транспорт кырсыктан 19 жаштагы кыз каза болуп, 4 адам жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 23:30 чамасында Тилек баатыр көчөсүндө катуу ылдамдык менен бара жаткан унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну Ч. кызы Б. ошол жерде көз жумду.

Кийинчерээк «БМВ» үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткени белгилүү болду.

Жаракат алгандардын тизмеси:

- 1998-жылы туулган Н.А., Ноокат районунун тургуну (баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган);

- 1998-жылы туулган К.А., Өзгөн районунун тургуну (баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган);

- 1997-жылы туулган С.Б., Кара-Суу районунун тургуну (баш сөөгү жана мээси жабыркаган);

- 1999-жылы туулган А.Н., Кара-Кулжа районунун тургуну (баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган);

Жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Учурда кырсыктын чоо-жайы текшерилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4051
Көп окулду
×