Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 27.12.2017 08:54 На русском

500 адам чогулган кече: Футбол федерациясы спортчуларга 300 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктарды тапшырды (фото)

Turmush -  Ош шаарында 25-декабрь күнү мэр Айтмамат Кадырбаев жаштарга арналган жаңы жылдык кече уюштурду. Ага бийлик өкүлдөрү, Жогорку жана шаардык кеңештин депутаттары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле 500гө жакын жаш активисттер жана спортчулар катышты.

Шаар башчысы 2017-жыл Ош шаары үчүн жемиштүү жылдардан болгонун белгилеп, өнүгүү жолунда бара жаткан шаарга биргеликте кам көрүүгө жаштарды жана спортчуларды үгүттөдү. Ошондой эле, жаңы жыл ийгиликтин жана берекенин жылы болсун деген тилегин кошумчалады.

Салтанаттын жүрүшүндө саясий, коомдук иштерге активдүү катышкан жаштарга Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы, ыраазычылык кат жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, Ош шаарынын мэринин стипендиясына алдыңкы жаштар ээ болду. Ага улай Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов активисттерге шаардык кеңештин ардак грамотасын берди.

Андан соң Ош шаарын гана эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эл аралык мелдештерден жемиштүү кайткан спортчуларга сертификаттар жана Ош шаарынын спорт комитети тарабынан атайын даярдалган «2017-жылдын мыкты спортчусу-Ош» статуэткалары тапшырылды. Ошондой эле, Кыргызстандын Футбол федерациясы тарабынан «Алай» командасына кубок, 300 миң сом акчалай сыйлык, ал эми «Алай-2» командасына чакан кубок, 100 миң сом сыйлык тапшырылды.

Кеченин жүрүшүндө Ош шаарынын өнүгүүсүн, саясий жана коомдук иш-чараларды, жаштардын жана спортчулардын ийгиликтерин чагылдырган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Расмий бөлүктөн кийин жаштар үчүн бий кечеси уюштурулуп, «Мурас» этно тобунан жандуу үн менен ырлар тартууланды. Сынактар, лотерея да ойнотулуп, уюлдук телефондор, баалуу белектер жеңүүчүлөргө берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×