Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ош

Ош облусундагы 16 айыл өкмөттө көйгөйлөр чечиле баштады (видео)

Turmush -  Ош облусундагы 16 айыл өкмөттө туруктуу өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиялык план иштелип чыгып, жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында маалым болду.

Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мурат Кыргызбаевдин айтымында, учурда айыл өкмөттө күндөн энергия алуучу күнөскана, биогаз иштетүү, таза суу боюнча долбоорлор жазылып, ишке ашырылууда.

«Биз туруктуу стратегиялык планды түзүү үчүн айылда атайын коомдук угуу уюштуруп, айылдагы көйгөйлөрдү аныктап алдык. Анда айыл өкмөттүн деңгээлинде чечилбей турган көйгөйлөр дагы айтылды. Биз аларды карап чыгып, тиешелүү кызматтарга кат жолдодук. Ал эми айыл өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган маселелерди тандап, 3 жылдык планга киргизип аткаруудабыз. Жеке ишкерлерге убактылуу жер бөлүп берип, алардын иштерине жол ачып жатабыз. Биздин айыл өкмөттө күндөн энергия алуучу күнөскана курулуп жатса, малды дарылоочу пункт куруу боюнча долбоорубуз иштеп баштады.

Мөмө-жемиштерди кургатуучу чакан цехтер ачылып, жумуш орундар түзүлүүдө. Биогаз иштетүү боюнча долбоор дагы иштелип чыккан. Мындан сырткары Макаренко айылына сапаттуу таза суу жеткирүү боюнча иштеп жатабыз. Буга чейин жол оңдоо, суу чыгаруу менен гана чектелип келгенбиз», - деди М.Кыргызбаев.

Жергиликтүү эскперт Чынара Жусупованын айтымында, айыл өкмөттөр 3 багытта — мал чарбасы, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, жумуш орундарын түзүү боюнча иш жүргүзүп жатат.

«Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын "Ош облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында чоң долбоор башталган эле. Ага Өзгөн, Ноокат райондорунан 6дан айыл өкмөт жана Кара-Кулжа районундагы 4 айыл өкмөт пилоттук айыл өкмөт катары тандалган. 16 айыл өкмөттүн баары 3 жылдык туруктуу өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыкты. Экономика министрлигинен атайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иштелип чыккан стратегиялык туруктуу өнүгүү программалары менен иштөө боюнча методологиясын үйрөнүштү. Буга чейин айыл өкмөттөр эл аралык уюмдар менен социалдык, экономикалык, экологиялык тармактарда өз алдынча иштеп келишсе, бул программадан кийин комплекстүү бирдиктүү иш алып барышат.

Айыл өкмөттөр өз алдында кызмат көрсөтүүчү мекемени ачууга болот. Бирок ал кызмат көрсөтүүгө гана багытталат. Мисалга алсак, алар суу, таштанды тазалоо кызматы болушу мүмкүн. Бирок бизнес ишканаларды ачууга болбойт. Жергиликтүү бийликте жеке ишкерлерге жер бөлүү, убактылуу пайдаланууга имараттарды берүүгө мүмкүнчүлүгү бар», - деди Ч.Жусупова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×