Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Ошто эркек кишини өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти (фото)

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 26-декабрга караган түнү өрттөнгөн үйдүн ээси киши колдуу болуп көз жумган. Кылмышты жашыруу максатында өрт коюлган деген шек менен учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканын Ош ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, саат 02:40 чамасында шаардык милициянын нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ Ош кѳчѳсүндөгү №100 үй ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу кабар берилген. Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден үй ээси — 1956-жылы туулган Октам Абдикадыровдун күйүп калган денеси табылган.

Анын жубайы — 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген. Ал эми, маркумдун денесин кароо учурунда бетинде соккудан улам калган тактар, сол кѳкүрѳк тушунда миздүү буюмдун изи бар экени аныкталган.

Маркумдун жубайынын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, түнү болжол менен саат 01:20 чамасында белгисиз бир нече адам үйгѳ кирип, жарыкты ѳчүрүп, күйѳѳсүнѳн акча талап кылышкан. Аялы аны бир нече жолу урганда эси оогон адам болуп сулк жатып калганын, кол салгандар күйѳѳсүн ур-токмокко алып, аягында үйгѳ от коюп кетишкенин айткан.

Учурда ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлгѳн топ иштеп жатат. Тиешелүү эспертизалар дайындалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11123
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×