Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 18.12.2017 10:32 Жаңыланды: 03.01.2018 08:42

Айыл турмушу: Каратэ боюнча өлкөнүн чемпиону болгон 24 жаштагы Айгерим жеке мектебин ачты (фото)

Turmush -  Каратэ боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Айгерим Приева жеке мектебин ачып, окуучуларды машыктырууда. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал Казакстанда дагы каратэ боюнча 4 жолку чемпион болгон.

«Мен 7 жашымдан тартып эле Бекмурза Эргешовдун (устаты) колунда каратэ боюнча машыгып баштагам. Учурда 1-даражадагы кара курдун ээси жана КРнын спорт чеберимин. Каратэ боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону жана Казакстандын 4 жолку чемпиону болдум. 2013-жылы Тажикстанда өткөн каратэ боюнча Орто Азиянын турниринде коло медалга ээ болгом. 2014-жылы Кыргызстанда өткөн Орто Азиянын турниринде жеңишке жетишкем. Каратэ боюнча ачык чемпионатта коло медаль алгам. 2014-жылы Инчхон шаарындагы Азия чемпонатына катышып келгем. 2015-жылы Москванын чемпионатында 2-орунду багындырдым. 2016-жылы Казакстандын ачык чемпионатында күмүш медаль тагындым», - дейт ал.

Айгерим Приева 2014-жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенет.

«Машыктыруучу болуу менен бирге чемпионаттарга катышып турам. Машыктырууну 2014-жылдан баштап, окуучуларга сабак берип жатам. 2016-жылы турмушка чыктым. Учурда жолдошум экөөбүздүн 1 кызыбыз бар», - деди ал.

Айгерим өзүнүн каратэ мектебин ачып, учурда жаштарды машыктырып жатканын белгиледи.

«Каратэ боюнча сабак алып жүргөндө эле жеке мектебим болсо деп кыялданчумун. Кудай буйруп, ошол кыялым ишке ашты. 2017-жылдын 4-апрелинде өзүмдүн «Ippon» аттуу клубумду ачтым. Учурда анда 70ке жакын окуучулар сабак алышат. Алардын 30у кыздар. Каратэ боюнча мектепке 5 жаштан жогору курактагы уул-кыздарды кабыл алганбыз. Менден тышкары дагы бир машыктыруучу иштейт», -деди ал.

Ошондой эле, ал окуучулук күндөрүндө классташын жыга тепкенин азыркыга чейин унутпайт.

«Мектепте 7-класста окуп жүргөндө классыбызга жаңы окуучу келди. Бир күнү ал бала экөөбүз кокустан отургуч талаша кеттик. Ал улам отургучту талаша бергенинен жыга тепкеним эсимден чыкпайт», - дейт Айгерим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×