Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

ИИМ: Ошто добуш сатып алууга аракет көрүү фактысы аныкталды

Turmush -  Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет көрүү фактысы аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, кечээ, 10-октябрда президенттикке талапкерлердин биринин Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан башкы штабында коробкалар ташылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Саат 15:00 чамасында штабдан чыккан Daihatsu («Дайхатсу») үлгүсүндөгү унаа Амир-Темур кичи району тарапка жол тарткан. Садридин Айни көчөсүнө жеткенде унаа токтотулуп, айдоочусу — 1959-жылы туулган А.С., жүргүнчүсү — 1953-жылы туулган К.Т. экени аныкталган.

Унаа текшерүү үчүн Ош шаарына жеткирилип, текшерүү учурунда багажынан конверттер салынган 6 коробка табылган. Ал конверттерден талапкердин кол тамгасы коюлуп, жарандарга жолдонгон каттар чыккан. Ошондой эле, кармалган жарандардын жанынан 185 миң сом табылган. Ал эми, А.С. каражат шайлоочулардын добушун сатып алууга бөлүнгөнүн мойнуна алды.

Топтолгон материалдар чара кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга берилди.

Ошондой эле, териштирүү учурунда А.С. шайлоо штабындагы кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 707
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×