Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ошто М.Татаева 24 жылдан бери ээлик кылган дүкөн талашка түштү (видео)

Turmush -  Ош шаарынын жашоочусу ага караштуу дүкөндү мэриянын өкүлдөрү талашып жатканына нааразы. Бул көйгөй бүгүн, 10-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтылды.

Мискол Татаеванын айтымында, 1993-жылдан бери иштетип жаткан дүкөнгө керектүү документтердин мөөнөтүн узартууга мэриянын өкүлдөрү тоскоолдук кылып жатат.

«Мен 1993-жылы үй сатып алып, ага кошо гараж менен дүкөн алгам. Ошол жылдан бери дүкөндү иштетип келе жатам. Бирок 2007-жылдан баштап менин дүкөнүмдү мэрияда иштеген адам талашып келет. Ош шаардык архитектура кызматына кайрыла берип чарчадым. Алар мага кызыл китеп берүүдөн качып, жерди башка адамга жасалма документ менен өткөрүп берген. Азыркы учурда мени коркутуп, жеримди тартып алууга аракеттер жасалып жатат», - деди ал.

М.Татаева иштетип жаткан «Кочевник» дүкөнүнүн жанында бир нече унаалар токтой турган гараждар бар. Бирок ал гараждарды жеке адамдар пайдаланышат.

Бул маселе боюнча Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчилиги учурда тактоо иштери жүрүп жатканын айтып, толук маалымат берген жок. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×