Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ошто кыргыз желегин желбиреткен спортчулар сыйланды

Turmush -  Ош облусунун спорт тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон жана Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы жабык имараттагы V Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчулар өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан сыйланды.

Спортчуларды облус жетекчиси Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, жеңиш үчүн ыраазычылык айтты. Ал спортчуларды ар тараптан колдоого даяр экенин айтып, дайыма тыгыз кызматташтыкта болууга чакырды.  

Сыйланган спортчулар:

1. Маматзакиров Кайрат, жабык имараттагы V Азия оюндарына активдүү катышкандыгы үчүн;

2. Мийзамидин кызы Мээрим, жабык имараттагы V Азия оюндарында бел боо күрөшүнөн II орунду ээлегендиги үчүн;

3. Аширов Ороз Раимжанович, жабык имараттагы V Азия оюндарында белбоо күрөшүнөн III орунду ээлегендиги үчүн;

4. Мырзабаев Эрлан, жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн II орунду жана эркин түрүнөн II орунду ээлегендиги үчүн;

5. Бактияр кызы Нурзат, жабык имараттагы V Азия оюндарында бел боо күрөшүнөн III орунду жана алыш бел боо күрөшүнөн I орунду ээлегендиги үчүн;

6. Мамарасул кызы Алтынай, жабык имараттагы V Азия оюндарында бел боо күрөшүнөн II орунду жана алыш бел боо күрөшүнөн I орунду ээлегени үчүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×