Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 09.10.2017 13:16

Россиялык академик, профессор Р.Рахманалиев президенттикке талапкерлерге: Жеке максат үчүн элди дүрбөтпөгүлө (видео)

Turmush -  Россиялык академик, профессор, философия, тарых жана аскердик илим боюнча доктор Рустан Рахманалиев Ош, Жалал-Абад облустарынын жашоочуларына кайрылуу жолдоду. Ал бүгүн, 9-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу пикирин айтты.

«Урматтуу кыргызстандыктар, ар кимдин туура эмес сөздөрүнө ишенбестен, өкмөт көрсөткөн, социал-демократтар партиясы көрсөткөн талапкерди колдогула. Анткени Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад облусун жакшы билет», - деди ал.

Ошондой эле, өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо башкы максат экенин белгилеп, элди улутка бөлүнбөөгө чакырды.

«Урматтуу талапкерлер, жеке максатка жетүү үчүн элди дүрбөтпөгүлө. Өлкөдө уруш-жаңдал болбошу керек», - деди академик.

Рустан Рахманалиев Ош шаарында төрөлүп, Оштогу Киров мектебин аяктаган. 50 жылдан бери Россия Федерациясында жашап жатат. Ал учурда 45 китептин, 900дөн ашуун илимий макалалардын автору. Анын китептери 47 тилге которулган. Ал улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун досу болуп, 25 жыл аны менен чогуу жүргөн. Ошондой эле, Чынгыз Айтматов тууралуу китеп жазган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×