Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ө.Бабановдун Оштогу тарапташтары чагымчылдыкка алдырбай, шайлоону тынч өткөрүүгө чакырышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-октябрда АКИпресс-Ошто президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары маалымат жыйын куруп, элди чагымчыл сөздөргө алдырбоого чакырышты.

Маалымат жыйындын катышуучулары эртең, 7-октябрда Өмүрбек Бабановдун Ош шаарында жана Кара-Суу районундагы эл менен жолугушуусун тынч өткөрүүнү, укук коргоо органдарынан коопсуздукту көзөмөлгө алууну суранышты.

«Жарандарды мажбурлоо жолу менен добуш бердирүүгө жол бербешибиз керек. Балдарга да эртеңки келечек үчүн бирөөнүн укугун тебелебегиле деп үйрөтүшүбүз зарыл. 15-октябрда өзүбүз каалаган адамга добуш берели. Ар бир талапкердин программасын угуп, өз алдыбызча талдашыбыз керек. Тополоң чыгаралы деген адамдар жакшылыктан үмүт үзгөн адамдар», - деди маалымат жыйындын катышуучусу Абдуллабек Осмонов.

Жаш активист Нурбек Жумабаев журналисттерди да бейтарап болууга чакырды.

«Мен кыргызстандыктарга, Ош шаарынын жаштарына кайрылгым келет. Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, эч кимдин басымысыз, кысымсыз, эркин түрдө каалаган адамга добуш берүүгө чакырам. Талапкерлердин аймагына же уруусуна эмес, талапкерлердин идеяларына, программасына, басып өткөн жолуна карап шайлайлы. Акчанын же бийликтин күрөшү эмес. Патриоттук сезимдин күрөшү болушу керек деп эсептейм. Журналисттерден да чагымчыл маалыматтарды эмес, бейтарап билдирүүнү чагылдырууну суранам. Эртең Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы жолугушуусунда оюн эркин айтууга чакырам. Ар бир талапкердин жолугушуусуна барып, программалары менен таанышуубуз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3055
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×