Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Айыл турмушу: Ж.Арзыбаева 20 жылдан бери чоң салмактагы капусталарды өстүрөт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Орке айылынын тургуну Жаннат Арзыбаева 20 жылдан бери салмагы 16 кг ашкан капусталарды өстүрөт. Дыйкан айым түшүмдү сатуу менен үй-бүлөлүк кирешени да толуктап алат.

Ж.Арзыбаева өстүргөн түшүмүн кечээ, 5-октябрда Ош шаарынын 3017 жылдыгына карата уюштурулган жармаңкеге алып чыкты. Жаннат айымдын айтымында, капусталардын орточо салмагы 5 кг болот.

«Чүй деп аталган капустанын сортун 20 жылдан бери өстүрүп жатам. Анын түшүмдүүлүгү башка капусталарга салыштырмалуу жогору. 150 күндө бышып, сатыкка даяр болот. Учурда капустанын 1 кг 50 сомдон сатып жатабыз», - деди ал.

Жармаңкеде өзгөчө капусталарды көрүүгө кызыккандар көп болгонун кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2075
Көп окулду
×