Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ош шаарында кезектеги эс алуу багы реконструкцияланып, эшигин ачты

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы болуп, кызыл тасмасы кесилди. Кароосуз калган эс алуу багы толук реконструкциядан өтүп, эң кооз жерге айланды, деп маалымдайт мэрия.

Кечээ, 5-октябрдагы ачылыш аземдин алкагында шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев: «И.Раззаков атындагы эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калганын шаар тургундары жакшы билет. Бак-дарактар куурап, кейиштүү абалда калган эле. Аймактын тургундары менен жолугушуу өтүп, дал ушул эс алуу жайын оңдоп берүү сунушун киргизишкен. Аз убакыт өтпөй муниципалдык менчикке өткөрүү иштери жүрүп, реконструкцияны баштаганбыз. Жашылдандыруу комбинатынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги менен эс алуу жайы Ош шаарындагы эң кооз жайлардын бири болуп, Ош шаарынын 3017 жылдыгы өтүп жаткан күнү шаардыктарга тапшырылды. Даталуу күнү ачылып жаткан эс алуу жайы тургундарга ар дайым жагымдуу маанай тартууласын. Эс алуу жайдын сметалык баасы 14 млн сомду түзүп, тендердик баасы  8 млн 421 миң болду», - деди.

Ошондой эле, шаар мэри шаардыктарды эс алуу багын жашылдандырып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн кызматкерлердин эмгегин баалап, тазалыкты сактоого чакырды. Салтанаттуу иш-чара куттуктоо сөздөр менен уланып, конокторго жана шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.

Эс алуу жайдын жалпы аянты 21 миң 998 чарчы метрди түзүп, оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган.

Ош шаарында акыркы үч жылдын ичинде 10го чукул эс алуу жайы толук реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 726
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×