Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Унаа, 50 миң сом, төш белги жана ноутбук — мыкты мугалим Айжан Абдувапованын сыйлыктары

Turmush -  Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин химия сабагын окуткан мугалими Айжан Абдувапова республикалык «Мыкты мугалим-2017» сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарчыга билдиришти.

Айжан Абдувапова Ош шаарында өткөн «Мыкты мугалим-2017» сынагында баш байгени алып, унаага ээ болгон.

Бүгүн, 5-октябрь күнү республикалык турда да баш байгени утуп, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 50 миң сом акчалай сыйлык жана ноутбук менен сыйланды.

Айжан Абдувапова Ош шаарына бүгүн кечинде учуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1537
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×