Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

«Эң сулуу мугалим»: Орус тилчи Б.Мадалиева классташтарынын шылдыңына карабай мугалимдикти тандаган (фото)

Turmush -  Билим-АКИпресс сайтынын «Кыргызстандагы эң сулуу мугалим» сынагында 28 жаштагы Бактыгүл Мадалиева 2-орунга ээ болгон. Ал Ош шаарындагы №3 М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында окуучуларга орус тили жана адабияты сабагын окутууда.

«Мектепти аяктаганда жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, криминалист адистигине жана орус тил факультетине талон таштадым. Жыйынтыгында экөөнө тең бюджетке окууга өттүм. Бирок атам “кыздар үчүн мугалимдик кесип жакшы” деп кеңеш берди. Өзүм да дүйнөлүк адабиятты сүйгөндүктөн, ушул кесипти тандадым. Менин бул тандоомо классташтарым абдан күлүшкөн. “Жаш балдарды окутасыңбы?” дешкенде мугалимдин кадыры түшүп кеткенине кейидим. Кийин окуучулар менин сабагыма шаша тургандай сүйүктүү мугалим болом деп максат койгом. Мугалимдик кесиптин деңгээлин бир аз болсо да көтөрүүгө бел байлаган учурум.

Ал эми сынакка катышып калуума окуучумдун апасы себепкер болду. Ал менин сүрөтүмдү сынакка жөнөткөн экен. Бирок ал сүрөттүн сапаты начар болуп, башка сүрөт сурап келген. Ошол эле учурда бир тууган сиңдим да 10го чукул сүрөттөрүмдү жиберген экен. Кийин сынак жүрүп жатканын айтышты. Алгач “Мыкты мугалим” сынагы деп ойлогом. Бирок сайтка кирип карасам мен ойлогондон башкача болуп чыкты. Өзүмдү сулуу деп эсептебегендиктен алгач оңтойсуз абалда калдым», - деди ал.

Второе место заняла Мадалиева Бактыгуль Нусуратилаевна, учитель русского языка и литературы в школе-гимназии №3 имени М.В.Ломоносова города Ош (912 голосов).

Бактыгүл аталган мектепте 7 жылдан бери мугалим болуп иштеп келе жатат. Сынактын жүрүшү окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн абдан кызык болгонун, алардын колдоосу аркылуу байгелүү орунга илешкенин айтты.

«Балдардын жан дүйнөсү таза, билгенин жашырбаган жан болот. Ар кимиси ар тараптан келип, чурулдашып, сынак тууралуу айтып турушту. Сынактын жүрүшү менден да окуучуларыма көбүрөөк кызык болду. Күндө канча добуш топтолгонун окуучуларым айтып жатышкандыктан, өзүм баш багып караган жокмун. Кийин жеңүүчү аталганымды уюштуруучулар телефон чалып айтышканда таң калдым. Анткени сайттан гана добуш берилет деп ойлогом. Жеңүүчүлөр үчүн белек берилгени мен үчүн күтүлбөгөн белек болду», - дейт мугалим.

Б.Мадалиева үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Ал окуучуларына сүйүүсүн арнаган мугалим гана сулуу боло алат деген түшүнүк менен жашай турганын кошумчалады.

«Кыргызстандын эң сулуу мугалими» фотосынагы «Билим АКИпресс» сайты тарабынан жүргүзүлгөн. Сүрөттөрдү кабыл алуу 2017-жылдын жай мезгилинин башында башталып, 31-августта аяктады. Добуш берүү 4-сентябрдан 17-сентябрга чейин (2 жума) созулду. Фотосынакта Кыргызстандын бардык региондорундагы мектептерден 96 мугалим ат салышты. Бардыгы болуп алар үчүн 18 миң 221 добуш келип түшкөн.

Окурмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын эң сулуу 10 мугалими аныкталды. Демөөрчүлөрдүн байгелерине эң көп добуш алган жана окурмандардын оң пикирлерине арзыган 4 жеңүүчү жана 6 педагог ээ болушту.  

Учителя из города Ош.

Жыйынтык:

- Баш байгенин ээси Аккулова Ариет Абдыжапаровнага 1217 окурман добуш берди;

- 1-орунга Бишкек шаарындагы №10 мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Арстанбек кызы Альбина ээ  болду (1049 добуш);

- 2-орунду Ош шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы №3 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Мадалиева Бактыгүл Нусуратилаевна алды (912 добуш);

- 3-орунга Ош шаарындагы С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын физика жана математика мугалими Манасова Гүлзина Абдугаппаровна илинди (851 добуш).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13098
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×