Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Оштун 31 жаштагы тургуну акчага муктаж болуп, токтоп турган «Лексусту» ичиндеги кыз менен бирге уурдап кеткен

Turmush -  Ошто «Лексус РХ 350» унаасын ичиндеги 12 жаштагы кыз менен бирге уурдаган адам соттун чечими менен убактылуу камакка алынды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, шектүү көрсөтмөсүндө унааны акчага муктаждыктан улам уурдаганын, анын ичиндеги кызды байкабай калганын айткан. 

Кечээ, 4-октябрда саат 15:00 чамасында Ош шаарынын тургуну И.Гүлсара Алиев көчөсүнө «Лексус РХ 350» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, өзү торт сатуучу дүкөнгө кирип кеткен. Дүкөндөн чыгып унаасын таппай калып, милицияга кайрылган. Унаанын ичинде 12 жаштагы кызы дагы бар экенин билдирген.

Ошол замат шаарда патрулчулар ыкчам аракеттерди көрүп, унааны уурдап качкан адамды шаардын Алиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров колго түшүрдү. Кылмышка шектүү 31 жаштагы С.З. учурда камакта, тергөө амалдары жүрүп жатат.

12 жаштагы кыз жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1115
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×