Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

АКИ-TV: Ош шаарынын 3017 жылдыгы көргөзмө, концерт жана эс алуу бактардын ачылышы менен коштолду

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленди. Шаар күнүнө карата Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр да келишкен.

Майрамдык салтанатта Ош шаарында жашаган улуттардын концерттик программалары, сахналаштырылган номурлар тартууланды. Шаар күнүнө айыл чарба техникаларынын, азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү да уюштурулуп, бир катар эс алуу бактардын ачылышы менен коштолууда.

Айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү менен чет өлкөлөрдөн атайын келген меймандар да таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1149
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×