Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ошто көчөдөгү адамдардын акчасын, кийимин тоногон жаш жигиттер кармалды

Turmush -  Ош шаарында каракчылык жана уурулук менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды. Аларды Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн. 

Милициянын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 27-сентябрында саат 23.30 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ эки тургунду белгисиз жаш жигиттер бычак менен коркутуп, акча жана кийимдерин тоноп алышкан. Алар бул окуяны укук коргоо органдарына билдирбегиле деп талап кылышкан. Иликтѳѳ иштеринин натыйжасында көп узабай бул кылмышка шектүү катары үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Камактагы шектүүлөр: Алайдын 1998-жылы туулган тургуну Т.Б., Ош шаарынын Тѳлѳйкѳн кичи районунун 1996-жылы туулган тургуну К.М., Ноокат районунун 2000-жылы туулган тургуну К.А.

Тергөө учурунда 17 жаштагы К.А. мурда автоунаалардын аккумуляторун уурдаганы үчүн издѳѳдѳ жүргѳнү аныкталды. Буга чейин бир ай аралыгында Ош шаарынын аймагынан «Хендай Портер» үлгүсүндѳгү 5 унаанын аккумулятору уурдалып, ага К.А.нын шериги — Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну К.Ж. шектелип жаткан. Учурда ал дагы камакта.

Уурулар унаалардын аккумуляторлорун арзан баада өткөрүп жүрүшкөн. Далил буюмдар табылып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 648
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×