Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Ош шаарына 3017 жыл: Чет өлкөлөрдөн делегациялар келип, майрам борбордук аянтта уланууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3017 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук аянтта улантылып жатат. Анын алкагында бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосу айтылып, сахналаштырылган номурлар жана ыр-бийлер тартууланууда. Мекеме-ишканалардын жамааты салтанаттуу жүрүшкө чыгышты.

Ошондой эле, Ош шаарынын 3017 жылдык мааракесине карата чет өлкөдөн куттуктап келген өкүлдөрдү расмий кабыл алуу аземи болду. Шаар күнү менен куттуктап, Россия Федерациясынан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркия мамлекеттеринен шаарлардын мэрлери келишкен.

«Ош шаары — байыркы шаар, бул күн — өзгөчө күн. Ош шаарыбызда ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура суусу бар. Ош шаарынан Улуу Жибек жолу өткөн. Биздин шаарыбыздын күнү менен куттуктап келген жакын санаалаштарга ыраазычылык билдирем», - деди шаар мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1159
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×