Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

«Ак таңдай-2017»: Ошту даңазалаган төкмөлөрдүн ар бири 15 миң сом алып, жеңүүчүлөр кошумча сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарынын күнүнө карата «Ак таңдай-2017» акындар айтышы өтүп, мэр Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор күбө болушту. Айтышка жети облустун алп акындары катышып, Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым карыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты, деп маалымдайт мэрия.

Шаар башчысы акын элдин элчиси экенин айтып, бул өнөр кылымдар бою көчмөн элдерде жашап келгенин белгиледи.

«Акын — чындыкты ыр саптары аркылуу төгүп бетке айткан, жамандык-жакшылыкты, сулуулукту даңазалаган адам. Тилинде накыл сөзү менен элди ынтымакка чакырып, жакшы маанай тартуулаган адам. Сөзгө чечен, кепке бай адам гана акын боло алат», - деди А.Кадырбаев.

Республикалык «Ак таңдай-2017» төкмө акындар айтышына кыргыз эл акыны Рахматтулла Козукеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Нуралиев, акын Жыпар Арзымаматова, төкмө акын Шамырбек Тургунбаев, төкмө акын Калык Сатымкулов, маданияттын мыктысы Мамел Исраилов, эмгек сиңирген акын Амантай Кутманалиев, «Ак таңдай» акындар ордосунун негиздөөчүсү Абдибали Акимбеков катышты.

Айтыштын соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев төкмөлөрдүн ар бирине 15 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан тышкары, элдин добушу менен жеңип чыккан эки акынга — маданияттын мыктысы Жыпара Арзымаматова менен эмгек сиңирген акын Амантай Кутманалиевге 15 миң сомдон кошумча акчалай сыйлык берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×