Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Ошто «Лексус» унаасын ичиндеги кыз менен кошо уурдап кеткен адам кармалды

Turmush -  Ошто «Лексус РХ 350» унаасын ичиндеги 12 жаштагы кыз менен бирге уурдаган адам кармалды. Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Чолпонбай Арстанбековдун айтымында, окуя бүгүн, 4-октябрда саат 15:00 чамасында болду.

«Ош шаарынын тургуну И.Гүлсара Алиев көчөсүнө “Лексус 350” үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, өзү торт сатуучу дүкөнгө кирип кеткен. Дүкөндөн чыгып унаасын таппай калып, милицияга кайрылган. Унаанын ичинде 12 жаштагы кызы дагы бар экенин билдирген. Ошол замат шаарда патрулчулар ыкчам аракеттерди көрүп, издөө иштери башталды. Анын натыйжасында унааны уурдап качкан адамды шаардын Алиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров колго түшүрдү. Кылмышка шектүү 31 жаштагы С.З. экени аныкталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деди Ч.Арстанбеков.

Айдоочунун 12 жаштагы кызы жабыркаган эмес. Учурда ал апасы менен бирге.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14133
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×