Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Бала тили — бал: Чоңойгондо Путин болом, - 5 жаштагы Динмухаммед

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — Кара-Суу районунун Тээке айылынын 5 жаштагы тургуну Манасов Динмухаммед. Ал учурда чоң эне, чоң атасынын колунда тарбияланып жатат. Динмухаммед 3 бир туугандын улуусу.

- Салам, атың ким?

- Динмухаммед.

- Канча жаштасың?

- Беште.

- Бөбөктөр кайдан келишет?

- Лейлектен келишет. 

- Сен кайдан жаралгансың?

- Асмандан.

- Акча кайдан келет?

- Акчаны атам жасайт.

- Үйдө акчаны ким кармайт?

- Атам

- Сүйгөнүң барбы?

- Ооба.

- Ал окуйбу?

- Жоок, ал менче болгондо окуйт.

- Аты ким?

- Аруузат

- Анын сенден башка сүйгөнү барбы?

- Ыкы (жок дегени).

- Аруузатка эмне алып бересиң?

- Гүл, коржик... ар нерсе.

- Сен барган балдар бакчасында ким атаман?

- Мен.

- Эч кимден коркпойсуңбу?

- Ооба, баарын бачагын чыгарам (жинденип).

- Бала бакчада ким сулуу?

- Эжекебиз чырайлуу.

- Бакчада силерге эмне берет?

- Оокат, колбаса... көөп нерсе.

- Ал жакта кимдер мен ойнойсуң?

- Аруузат экөөбүз.

- Апаң атаңа көбүнчө кайсы сөздү айтат?

- Арак ичпе деп.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Пиризидент Путин, депутат болом.

- Президенттер эмне кылышат?

- Пиризиденттерби? Алар элдерге жардам кылат да.

- Путинди кайдан тааныйсың?

- Мен тааныймын да, сүрөтүн көргөм.

- Ал кандай киши?

- Ал мага окшош.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×