Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ошто Ө.Бабановдон 100 миң сом алдың деген шылтоо менен токмоктолгонун айткан жарандын билдирүүсү текшерилип жатат

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Дурбек Алимжанов аттуу жарандын аны белгисиз адамдар коркутуп, токмоктогону тууралуу маалыматын текшерип жатат. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарынын тургуну Д.Алимжановду коркутуу жана токмоктоо тууралуу маалыматты текшерүү жүргүзүлгөн. Аталган факт боюнча Ош ШИИБ жана Ош ОИИБдин ички иштер бөлүмдөрүнө расмий арыз жазбаганы жана денесинен алган жаракаттары боюнча медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылбаганы аныкталды. Буга карабастан аталган маалыматты текшерүү иштери улантылып жатат.  

Кечээ, 3-октябрда НТС телеканалы өзүн Дурбек Алимжанов деп атаган жарандын билдирүүсүн жарыялады. Анын айтымында, белгисиз 4-5 адам Папан айылынын жанындагы талаага алып барышкан.

Ошондой эле, ал 5 адам аны мык сууругуч менен сабап, президенттикке талапкер Ө.Бабановдон 100 миң доллар алдың деп, аны берүүнү талап кылышкандыгын билдирген. Д.Алимжанов андан кийин аны сабагандар өзүнүн унаасы менен Ноокат шаарына жеткирип, Ош шаарынан кетүүнү жана президенттик шайлоо бүткөндөн кийин гана кайтып келүүнү талап кылышкандыгын кошумчалады.

Билдирүүнү бул шилтемеден көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 844
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×