Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Ошто жаш үй-бүлөлөрдүн спорттук таймашы кызыктуу өттү (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарынын 3017 жылдык мааракесине карата «Атам, апам жана мен — ынтымактуу үй-бүлө» аталышындагы музыкалык-спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке Ош шаарынын күнүнө карата Түркия мамлекетинен келген коноктор, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров күбө болуп, 4 үй-бүлө күч сынашты.

1. Караевдердин үй-бүлөсү — «Бактылуу үй-бүлө» командасы;

2. Рахмановдордун үй-бүлөсү — « Достук» командасы;

3. Козубаевдердин үй-бүлөсү — «Нур» командасы;

4. Курбановдордун үй-бүлөсү — «Менин үй-бүлөм – менин байлыгым» командасы.

Мелдешин жүрүшүндө алгач чуркоо тапшырмасы берилип, андан соң өз өнөрлөрүн тартуулоо, эркектер арасында спорттук көнүгүү жасоо, топтор менен чуркоо тапшырмаларын аткарышты. Жыйынтыгында шамдагайлыгы менен «Бактылуу үй-бүлө» командасы жеңишке жетишип, 2 сыналгыга ээ болушту. Ал эми, 2-орунду «Достук» командасы ээлеп, 2 чаң соргуч менен сыйланды. Ошондой эле, 3-4-орундардын ээлерине да тиричилик техникалары тапшырылды.

Мелдештин негизги максаты — үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоого үндөө.

Мелдешке катышкан Мирлан Козубаевдин айтымында, 2 күн гана даярданган. Ал атайын балдары менен кыргыздын улуттук бийин да даярдап келишкен.

«Биздин атаандаштар күчтүү болду. Биз аз убакыт гана даярдангандыктан жакшы жыйынтык көрсөтө алган жокпуз. Эң негизгиси — таймашка катышуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×