Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ошто Н.Назарбаев курган мектептин окуучуларын алып бара жаткан кичи автобус оодарылып кетти

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-гимназиясынан 15 окуучуну Кара-Суунун Фуркат айылына алып бара жаткан кичи автобус кырсыкка кабылып, 6 окуучу ооруканага жеткирилди. Ал унаа кечки саат 18:00 чамасында Кара-Суунун Шарк айылына жеткенде «Хонда Степвэгон» автоунаасы менен кагышкан.

Ооруканага жеткирилген 3 окуучу алгачкы жардам алгандан кийин үйүнө жөнөтүлүп, үчөө тиешелүү бөлүмдөргө жаткырылган.

Turmush басылмасына маалым болгондой, «Хонда Степвэгон» автоунаасын Таластагы Кара-Буура районунун 1992-жылы туулган тургуну Д.М. башкарып жүргөн. Ал телефонго алаксып кеткени айтылууда. Учурда кырсык боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×