Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ош шаардык перинаталдык борбор оңдоо иштерине байланыштуу 4-октябрдан баштап жабылат

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 1-октябрь күнү шаардык перинаталдык борбордун энелерге жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү иштери менен таанышты. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын алкагында аталган борбордун жетекчилиги имараттын оңдоого муктаж болгон жер төлөсүн жана суу түтүктөрдү көрсөткөн.

Ошондой эле, жетекчилик шаардык перинаталдык борбор оңдоо иштерине байланыштуу 4-октябрдан баштап жабыла турганын билдирди. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында суу жана жылуулук түтүктөрү алмаштырылып, имараттын жер төлөсү оңдолот. Оңдоо иштерин октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.   

Т.Батыралиевдин айтымында, көп жылдардан бери аталган борбор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле, ал мэрия Ош шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына жетиштүү деңгээлде көңүл буруп жатканын белгилеп, медициналык мекемелерге 67 млн сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×