Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Жумушсуз кыз-келиндердин «Түштүктүк келиндер» тобу той-аштарда 700 адамга чейин кызмат көрсөтүшөт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Атыргүл Адылова жумушсуз 30 кыз-келиндин башын бириктирген «Түштүктүк келиндер» тобун түздү. 3 айдан бери иштеп жаткан бул топ той-аштарда кызмат көрсөтүшөт.

Той ээлеринин ишин жеңилдеткен кызматты пайдалангандардын саны арбын экенин Атыргүл айым аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мындай топ түзүү идеясы кызы дипломдук иш жазып жатканда пайда болгон.

«Менин 7 абысыным бар. Мен үйдө бешинчи келинмин. Ошого карабастан той-аштарда бирибиз бошосок, экинчибиз бошобойбуз. Ага байланыштуу мындай топ түзүү тууралуу ой көп жылдар мурун жаралган. Кийин кызым туризм багыты боюнча жогорку билимге ээ болуп, дипломдук иш жазуу учурунда ушул топту түздүк. Учурда топто 30 кыз-келин бар. Тамак-аш, салат, дасторкон жасап берүү, үй иштерин аткаруу, идиш-аяктарды жууп-тазалоо, жаш балдарды кароо сыяктуу көп жумуштарды аткара беребиз», - деди ал.

Биздин элде той-аштарда элди тейлөө негизинен келиндерге жумшалат. Убакыттын өтүшү менен жашоо шарт өзгөрүп, ушул сыяктуу атайын кызмат көрсөтүүчү топтордун кызматтары кеңири пайдаланыла баштаганы талашсыз.

«Биз 40 адамдан тарта 700 адам чакырылган тойлордо, мааракелерде кызмат көрсөтөбүз. Кардарлар өздөрү салаттын, тамактын түрлөрүн тандашат. Той болгон күнү биз буйрутма боюнча иш алып барабыз. Бир топто 5 кыз болот. Алар 20-50 адамды тейлешет. 20-50 адамга кызмат көрсөтүүнүн акысы 6 миң сомду түзөт. Өлкөнүн кайсыл бурчу болбосун кызматка барууга даярбыз», - деди Атыргүл айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×