Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Кылым карыткан жаш: Бир табак буудай үчүн иштечүбүз, - 113 жаштагы Айзада Казакова

Turmush -  Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылынын тургуну Айзада Казакова быйыл 113 жашка толду. Анын өздүгүн аныктаган документинде 1904-жылы төрөлгөнү жазылган.

Айзада апа турмушка эрте чыгып, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн талаада эмгектенип, тылда да иштегенин айтып берди. Ал мал чарбачылыкка да аралашкан.

«Ачарчылыкта жашадык. Суук күндөрдү башыбыздан өткөрүп, кой, эчки багып, тамеки жыйнап, аны түнү менен тизип чыкчубуз. Ал убакта азыркы учурдагыдай жарык, жылуу мештер жок. Караңгыда үшүп отурган күнүбүздү көп эстейм. Кийинчерээк электр энергиясы берилгенде жашообуз жеңилдеп калды. Абышкам согуштан кийин каза болуп, балдарымды жалгыз бой бактым. Азыр жашоо жакшы, токчулуктун заманы болуп жатат. Бирөөдөн тамак сураган пенде жок. Илгери бир табак буудай үчүн иштечүбүз», - деди Айзада апа.

Учурда анын угуусу начарлап калганын, бирок өзүнө тың экенин айткан неберелери 40 жаштын кырынан ашкан. Айзада апанын улуу кызы 70 жаштан өтүп (балдарынын айтымында, андан улуу балдары көз жумган), 13 баланын энеси болду. Ал эми эң кичүү уулу 65 жашта.

«Апам 3 кыз, 2 уул төрөгөн. Жыл өткөн сайын унутчаак болуп баратат. Бизге дайыма кыйынчылыктагы күндөрдү көп айтып берчү. Бизди көп мээнет кылган адамдын ден соолугу жакшы болот деп өстүрдү. Апам небере-чөбөрөлөргө абдан бай. 12 кыбыра көрдү», - деди уулу Тажибай Эргешов.

Кара-Суу району боюнча жалпысынан 100 жаштагы же андан ашкан 22 карыя бар. Алардын эң улуусу — Айзада Казакбаева.

Сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 842
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×