Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ошто заводдун ээси менен жубайын сабап, 1,3 млн сом тоноп кеткен 6 адам кармалды

Turmush -  Ошто кыш заводдун ээси менен жубайын ок атуучу курал аркылуу коркутуп, 1 млн 300 миң сомун карактап кетишти. Көп узабай бул кылмышка шектелип 6 адам кармалганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Куралдуу кол салуу 2017-жылдын 30-августунда жубайлар заводдон чыгып бара жатканда болгон. Кылмышкерлер аларга күч колдонуп, жанындагы акчаны толугу менен тартып алышкан. Бул учурда жубайлар денесине жаракат алып, дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Окуядан кийин Ош ШИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, 6 шектүү 20 күн аралыгында колго түшүрүлдү. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2077
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×