Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ашхабаддан эки медаль алып келген Алтынай университетке акы төлөөдөн бошотулуп, акчалай сыйлык алды

Turmush -  Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Мамарасул кызы Алтынайга сый-урмат көрсөтүү улантылып жатат. Алтынай учурда Оштогу жогорку окуу жайдын педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти.

Эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери болгон Алтынайды жеңиши менен куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков: «Бүгүн биз чоң сүйүнүч сезиминде турабыз. Анткени биздин студентибиз Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Өзгөчө өзүнүн эрктүүлүгүн, чыдамкайлуулугун, жоопкерчиликтүүлүгүн көрсөтүп, Кыргызстандын капчыгын бир алтын, бир күмүш медаль менен толуктады. Спортчуларыбыздын мыкты даярдыгынын, намыстуулугунун жыйынтыгы менен биздин мамлекетибиз 68 өлкө катышкан эл аралык деңгээлдеги мелдеште командалык эсепте 8-орунду камсыздашты. Биз дайыма спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз. Өзгөчө Алтынайга, аны тарбиялап эрезеге жеткирген ата-энесине, машыктыруучуларына жамааттын атынан ыраазычылык билирем», - деди.

Ошондой эле, Алтынай Мамарасул кызы быйыл келишимдик акыдын толук бошотулганын белгилеп, андан сырткары университеттин атынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Мындай колдоолор үчүн спортчу кыз ыраазы экенин айтууда.

«Сый-урмат көрсөтүлгөнүнө өтө толкунданып турам. Бул үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындан ары да университетимдин, өлкөмдүн атын дүйнөлүк мелдештерде чыгарып, Кыргызстанымдын туусун бийик желбиретүүгө салым кошом. Ноябрь айында өтүүчү Дүйнөлүк мелдеште да жеңиш менен келүүгө болгон күчүмдү сарптайм», - деди Алтынай.

Мамарасул кызы Алтынай Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2016-жылы өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын эмгегин баалаган ОшМУнун жетекчилиги былтыркы окуу жылында да келишимдик акыдан 100% бошоткон болчу.

Мурда маалымдалгандай, Ош шаарында 29-сентябрда таңга маал Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жабык имаратта өткөн Азия оюндарында жеңишке жеткен Ош облусунун спортчуларын салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Ашхабад шаарындагы Азия оюндарына жалпы 63 мамлекет катышып, кыргызстандык спортчулар жалпы эсепте 8-орунга чыгышкан. Ош шаарынан барган 7 спортчу 2 алтын, 3 күмүш, 3 коло медалды багындырышты. Күжүрмөн самбо боюнча 1-орунду Бекназар Райымкул уулу, 2-орунду Ороз Афтандил уулу (62 кг), 3-орунду Салмоорбек Маматемин уулу (74 кг), 100 кг салмактан жогоркулар арасында Максат Мусабаев 3-орунду ээлеген.

Ал эми, Алтынай Мамарасул кызы аялдар арасында алыш күрөшү боюнча 1-орунга, 72 кг салмакта бел боо күрөшү боюнча 2-орунга татыды. Бул таймашта 2-орунга Мээрим Мийзамидин кызы да ээ болду. Эркектер арасында алыш күрөшү боюнча коло медалды Ороз Аширов тагынган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4235
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×