Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

12 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасоо: Акталган шектүүгө Ош шаардык соту кайра өкүм чыгарат

Turmush -  Ноокат районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады деп шектелип, Ош шаардык жана облустук соттон акталган шектүүнүн ишин Жогорку сот артка кайтарган. Ал иш кайрадан Ош шаардык сотунда каралмай болгон.

Соттук отурум бүгүн, 2-октябрга белгиленгенин жабырлануучулардын жактоочусу Айсалкын Карабаева билдирди.

Эркиндикке чыккан А.К. куру дооматка кабылганын айтып, АКИпресс-Ошто маалымат жыйын өткөргөн. Анын айтымында, 11 ай негизсиз камакта отурду. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-129-берененин 4-бөлүмү менен айып тагылган. 

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирген маалыматта: «2017-жылдын 16-февралынан бери Ош шаардык соту тарабынан аталган иш боюнча 7 жолу соттук отурум дайындалып, ага жабырлануучу, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Н.Нурмаматова жана алардын жактоочусу А.Карабаева белгисиз себептер менен келген эмес. Алардын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрү жарыяланган. Ал эми соттук отурумда иш боюнча күбөлөр өспүрүм кыздарды «бул жерде ойнобогула, ойносоңор урушам» деп тилдеп, үйүнө кайра кирип кеткенин айтышкан. Ошондой эле, далил буюм катары алынган көйнөктүн окшош эместигин, ал күнү жабырлануучу кызыл-сары түстөгү узун көйнөк кийип жүргөн деп көрсөтмө беришкен.

Милиция кызматкерлери 2016-жылдын 12-июнунда 102 кызматынан чакыруу болуп, айтылган дарекке барганда Н.Нурматова кошунасы А.Калилов менен урушканын айткан жана «ошол учурда окуучу кыз апасынын жанында турган, бети башы таза, эч жеринде жаракаты жок болчу» деп көрсөтмө беришкен.

Ноокат районунун Борбаш айылынын аймактык тескөөчүсү 2016-жылы июль айында анын иш бөлмөсүнө А.Сарыков жана Н.Нурматова келип, Н.Нурматова кыздарын кошунасы А.Калилов уят сөздөр менен тилдегенин айтканын, бирок А.Сарыков арыз жазуудан баш тартканын билдирген.

Мындан тышкары, Н.Нурматова буга чейин да айыпталуучунун үстүнөн бир нече жолу арызданып, кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын көрсөткөн. Облустук соттук отурумда да башка жагдайлар аныкталган эмес. Ошол себептүү Ош шаардык сотунун өкүмү өзгөртүүсұз калтырылды», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×