Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Айыл турмушу: Б.Омокеев чоподон 5 мүнөттө музыкалык аспап жасап, кооз үндөрдү чыгарат (видео)

Turmush -  Ош шаарында жашаган Бакыт Омокеев көп жылдан бери сүрөтчүлүк өнөрдү аркалоо менен чопо чоордон музыкалык аспаптарды жасайт. Ал келинчеги менен биргеликте алгачкылардан болуп Ош шаарында 1990-жылдары жеке галереясын ачкан. Учурда үй-бүлөсү менен бул кесипти аркалап жатканын, жубайы да сүрөтчү экенин аймактык кабарчыга билдирди.

Учурда окуучуларга сүрөт сабагын окутуп, шакирттерин тарбиялап, ошондой эле жаңы идеялардын үстүндө иштеп жатат.

«Окуучуларга бул өнөрдү үйрөтүү кыйын эмес. Азыркы жаш муундарда ой жүгүртүү жакшы өнүккөн. Мен кээде алардан жаңы маалыматтарды үйрөнөм. Анткени алар идеяларга абдан бай», - деди ал.

Чопону даярдоо ыкмасы 15 күнгө созулат. Таланттуу мугалим даяр чоподон 5 мүнөттө музыкалык аспап жасаса боло турганын да далилдеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 448
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×