Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Фото - Ө.Бабановдун Ош жана Жалал-Абаддагы штабына жергиликтүүлөр чогулду

Turmush -  Бүгүн, 30-сентябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы башкы штабынын алдында нааразычылык акциясы өттү. Акцияга чыккандар Ө.Бабановдон Оштун Он-Адыр кичи районундагы эл менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн элден кечирим суроону талап кылышты.

Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып, тартип бузулган жок. Чогулгандар талаптарын айткандан кийин тарап кетишти. «Жалпы элге, анын ичинен Ош облусунун элине тынчтык, улуттар аралык ынтымак башкы орунда турат. Талапкерлерди элдин ынтымагын бекемдеп, элдин кызыкчылыгын барынан жогору коюуга үндөйбүз», - деген акциянын катышуучулары июнь окуясы чоң сабак болгонун белгилешти.

Ош шаары

Ошондой эле, аталган талапкердин Жалал-Абад шаарындагы штабынын жанына чогулган тургундар өздөрүнүн нааразычылыктарын айткандан кийин тарап кетишти.

Жалал-Абад шаары

Буга чейин Ө.Бабановдун башкы штабынан бул окуяга байланыштуу маалымат беришкен. Анда, талапкер бардык улуттун элин биримдикке жана бирге алдыга карай эмгектенүүгө чакырып, мыйзамсыз аракеттерге багытталган басымга бирге каршы турууга үндөгөнү айтылат (видео бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11421
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
bekbor
15:08, 30 сентября 2017
Бабанов чык эшшике
Көп окулду
×