Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Арпа жайлоосунда улуттук ат оюндар боюнча бүйүр кызыткан мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Арпа жайлоосунда малчыларга арналган улуттук ат оюндар боюнча мелдеш өткөрүлгөнүн райондун спорт инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди. 12-августта малчылар кыргыз күрөш, эр эңиш, аламан жарыш, жорго салыш, кунан чабыш, тай чабыш жана көк бөрү боюнча мелдештерге түшкөн.

Жыйынтыгында кыргыз күрөштө күч сынашкан Терек айылынын балбаны Тынчтык Сүйүнбай уулу 1-орунду, Баетовдон Аманбек уулу Максат 2-орунду жана ушул эле айылдын балбаны Тойбек уулу Баатыр 3-орунду багындырды.

Эр эңиш боюнча 70 кг салмакка чейинкилер арасында кармашка түшкөн Терек айылынан Бакыт Жээренчиев 1-орунду, Баетов айылынан Канат Такенов 2-орунду, Терек айылынан Жакуша Сүйүнбай уулу 3-орунду камсыздашты. Ошондой эле, 70 килограмм салмактан жогоркулар арасында айыгышкан кармашта 1-орунду Терек айылынын балбаны Болотбек Садыров ээледи.

Аламан жарышта 1-орунга Терек айылынан Съездбек Мыктыбековдун күлүгү, 2-орунга Ак-Чий айылынан Урмат Муңайтпасовдун күлүгү, 3-орунга Баетов айылынан Ильич Байөмүровдун күлүгү чыкты.

Жорго салышта Терек айылынан Нурлан Мамаевдин жоргосу 1-орунду, Баетов айылынан Нарынбек Кашкарбаевдин жоргосу 2-орунду жана ушул эле айылдан Руслан Кадыровдун жоргосу 3-орунду багынтты.

Кунан чабышта Баетов айылынын кунандары алдыга чыгып, 1-орунга Нарынбек уулу Камчыбектин, 2-орунга Канат Такеновдун, 3-орунга Сыдыковдун кунаны татыктуу болду.

Тай чабышта дагы 1-орунга Баетов айылынан Алманбет уулу Дастандын, 2-орунга Канат Такеновдун, 3-орунга Айбек уулу Абдынын тайы чыккан.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көк бөрү мелдешинде 1-орунду Терек айылынын командасы, 2-орунду Ат-Башы районунун командасы, 3-орунду Баетов айылынын командасы камсыздашты.

Райондук бийлик тарабынан уюштурулган мелдештин жалпы байге фонду 25 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер, дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5695
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×