Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 27.07.2017 09:24

Айыл турмушу: Ата кесибин улаган У.Умурзаков 90 миң сомдук дарбазаларды жасайт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Улан Умурзаков 7 жылдан бери ширетүүчү болуп иштеп, 90 миң сомго чейин бааланган дарбазаларды жасайт. Ата кесибин аркалап жаткан мырза дарбазалардан тышкары сөрүлөрдүн түрүн жасайт.

«Менин атам уста киши болгон. Атамдын жасаган жумуштарын карап, ага жардамдашып жүрүп мен дагы ширетүүчүлүктү үйрөндүм. 7 жылдан бери темир менен иштеп келе жатам. Биз кардарлардын табитине жараша дарбазаларды, сөрүлөрдү жасап беребиз», - деди ал.

Ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыгы бар. Темир менен иштөө дагы оңой иш эмес.

«Биздин жумушта тактык талап кылынат. Дарбазаларды жасап жатканда туура өлчөбөсөң кыйшык болуп калат. Ток менен иштегендиктен көз айнексиз иштей албайбыз. Дарбазаларды жасап жатканда беткап тагынбасаң бетиңди күйгүзүп алышың толук мүмкүн. Бизде азыр буйрутмалар көп болгондуктан көп иштеп, аларды тез жасап бүтүрүүгө аракет кылабыз. Дарбазаны жасоого керектүү каражаттары даяр болсо 2-3 күн убакыт керектелет. Бизде дарбазалардын баасы 25 миң сомдон башталат. Ошондой эле, 70-80-90 миң сомго чейинки дарбазаларды жасайбыз», - деди ал.

Улан мырза жаш экенине карабай шакирттерди да тарбиялап жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×