Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 05.07.2017 12:06 Жаңыланды: 09.07.2017 11:45

АКИ-ТV: Ошто «рингге» чыккан короздор үчүн 100 миң сомго чейин байге коюлат (видео)

Turmush -  Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында 30 жылдан бери короздордун мушташы уюштурулуп келет. Уюштуруучу Адхам Миңбаевдин айтымында, салтка айланган короз уруштуруу мелдешинде байге фонду 100 миң сомго чейин жетет.

«Короздорду 40 күн таптап, урушка чыгарып келишкен. Короз уруштуруу спорттун түрү катары саналып келген. Учурда адамдар буга кызыгып, короздорду өзгөчө таптай башташты. Короз 40 күндө тапталып, андан кийин гана мушташка чыгат. Аларды таптоо убагында күнүнө 100 грамм эт, 1 жумуртка, сабиз, жүгөрү, күрүч берилет. Короз баккан адам аны менен кошо чуркайт. Суутулган короздор 2-3 саат мушташууга жөндөмдүү болот», - деди ал.

Майрам күндөрү уюштурулган мелдештерде байгеге акча, кой, килем, сыналгы жана башка сыйлыктар коюлат. Оюндан кийин кыргыз-өзбек эли чогуу бир дасторконго отуруп, ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө болот.

«Бул оюн элди эс алууга, тынчтыкка чакырат. Эми короздорду уруштурууга чет мамлекеттерге чыгарууга аракет кылып жатабыз. Башка мамлекеттерде да бул оюн ойнолуп, жакшы бааланат», - деп кошумчалады уюштуруучу.

Короз уруштуруу раунддарга бөлүнүп, мушкерлерге көңүл бурулгандай маани берилет. Ош шаарындагы короздордун мушташына катышуу жана күбө болуу үчүн айрым күндөрү 7 облустан тең кызыккандар келүүдө. Чоң байгелер коюлган мелдештерге салмагы 5 кг ашык, бою 70-80 см чейин жеткен короздор алынып келет. Алар салмагына жараша урушка түшүрүлөт.

Айрым маалыматтар боюнча, короз уруштуруу оюну Индияда башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×