Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 23.05.2016 17:57

Ош шаарындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Кечээ, 22-майда Ош шаарында «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аталышындагы спартакиаданын Ош облустук туру жыйынтыкталды. Жыйынтыгында командалык эсеп менен 1-орунду Ноокат районунун жаштары ээледи. Бул тууралуу Ош облустук спорт комитетинин төрөгасы Токтосун Камчыбеков билдирди.

Кабарчыга маалымдалгандай, спартакиада айыл жаштарын спортко тартуу максатында уюштурулган. Мелдештерге ар бир райондон 70ке жакын спортчулар спорттун 7 түрү боюнча катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Ноокат району, 2-орунду Өзгөн району, 3-орунду Алай району, 4-орунду Кара-Суу району, 5-орунду Араван району, 6-орунду Чоң-Алай району ээледи. Спартакиада чоңдор арасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө облустук спорт комитети тарабынан диплом, грамоталар тапшырылды. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан дагы белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×