ММА жана панкратион боюнча Кыргызстандын чемпионатында күйөрмандар ортосунда мушташ чыкты (фото, видео)
Turmush - Бүгүн, 1-майда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо ММА жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук чемпионатынын тандоо туру өтүп жатат. Өлкөнүн аймактарынан чогулган 210 спортчунун катышуусундагы мелдеш эртең, 2-майда жыйынтыкталат. Бүгүнкү тандоо турундагы мелдештер бир раунддан туруп, 3 мүнөткө созулууда, деп билдирди аймактык кабарчы.
Бүгүн тандалган мушкерлер эртең, 2-майда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Россиядан келген мушкерлер менен беттешет.
Беттештер 7 даражагы салмак боюнча өткөрүлүп, жеңип чыккандар Кореяда өтүүчү мелдешке жана дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.
Мелдештин жүрүшүндө күйөрмандар ортосундагы кайым айтышуудан улам мушташ чыгып, 10 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Абалды милиция кызматкерлери жөнгө салды.
Видео: