Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 01.05.2016 12:47

Ошто ММА жана панкратион боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-майда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо ММА жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук чемпионаты башталды. Өлкөнүн аймактарынан чогулган 210 спортчунун катышуусундагы мелдеш эртең, 2-майда жыйынтыкталат.

Беттештер 7 даражагы салмак боюнча өткөрүлүп, жеңип чыккандар Кореяда өтүүчү мелдешке жана дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.

Буга чейин мэрия маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 7 бел кур тапшырылат. Андан сырткары 7 салмак даража боюнча Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Россиядан келген мушкерлер беттешке түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×