Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 29.04.2016 09:10

Ош шаарында 32 команда менен футболдук мелдеш башталды (фото)

Turmush -  Ош шаарында 32 курама команданын ортосунда футбол боюнча мелдеш кечээ, 28-апрелде башталды. Мелдешке облус аймагындагы айыл-кыштактардан, район-шаарлардан келген курамалар катышууда. Командалардын курамы, оюнчулардын жашы чектелбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусундагы «Достук» мелдешинин жыйынтыгында 1-2-3-4-5-орундарга ээ болгон командаларга акчалай жана баалуу белектер тапшырылат. Мелдештин жыйынтыгы 9-май күнү Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата чыгарылат.

Мелдештерге ФИФАнын калысы Бахадыр Кочкаров калыстык кылат. Оюндун жалпы байге фонду 100 миң сомдон ашык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×