Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусу, Ош 28.04.2016 09:46

Ошто эрежесиз эр уруш боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталат

Turmush -  Ош шаарында 1-2-май күндөрү эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өтөт, деп билдирди уюштуруу комитетинин мүчөсү Арыпбек Айтбаев. Анда 7 даражагы салмак боюнча беттеш өткөрүлүп, жеңип чыккандар Кореяда өтүүчү мелдешке жана дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.

«1-2-майда Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо ММА жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук чемпионаты өтөт. Ага республиканын бардык аймагынан чакырылган мушкерлер катышат.

Жеңүүчүлөргө 7 бел кур тапшырылат. Андан сырткары 7 салмак даража боюнча Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Россиядан келген мушкерлер беттешке түшөт. Бул беттештен жеңгендер Кореяда өтүүчү беттешке жана дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат», - деди А.Айтбаев.

Чемпионат саат 12:00до башталат. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×