Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Ош облусу, Ош 26.04.2016 12:25

Ош шаарында мыкты ордочулар тандалууда (видео)

Turmush -  Ош шаарында ордо боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат. Ага өлкөнүн аймактарынан тандалган ордочулар катышып, жеңүүчүлөр II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алат.

«Ордо оюну жыл сайын ойнотулуп келет. Алдыда дагы жаңы улуттук оюндар кошулат. Ага үч тапан, жекеме-жеке, чырмый атмай деген улуттук оюндарды киргизүүнү пландап жатабыз», - деди ордо оюнунун улуттук башкы калысы А.Шерматов.

Ош командасынын оюнчусу Мыктыбек Абдыразаков жаштардын басымдуу бөлүгү ордо оюнуна кызыкпаганына нааразы.

«Бул оюнга бала чагымдан эле кызыгып ойночумун. Бул оюнду ойногондо бүт дене физикалык кыймылга келип, ден соолукка тийген пайдасы чоң. Бирок азыр бул ордо менен ойногон жаштар жокко эсе, жаштарга ойногула деп айтсак эле акчасы канча дешет.

Ордо — бул ата-бабаларыбыздан калган оюн, биз аны улантып кетсек жакшы болот. Ооба, ордо оюнунда чоң байгелер коюлбайт, бирок оюн өтө кызыктуу. Ордого жаштардын кызыгуусу жоктугуна байланыштуу, команданын курамындагылар дээрлик жашы улгайып калган агалар. Эң улуу оюнчу 55 жашта», - деди оюнчу.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×