Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 12.04.2016 17:54

Ошто улуттук жана классикалык спорт оюндары боюнча спартакиада өтүп жатат (фото)

Turmush -  Ош шаарында өспүрүмдөр арасында облустук 68-спартакиада өтүп жатат. Жаш спортчулар спорттун 12 түрү боюнча күч сынашууда, деп билдирди түштүк аймактык спорт мектебинин директорунун орун басары Вахид Каримов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Мелдеште башка спартакиадалардан айырмаланып, улуттук оюндар менен классикалык оюндар өзүнчө бааланууда. 3-апрелде башталган спартакиада 24-апрелге чейин уланат.

«Бул спартакиада салтка айланып калган. Жыл сайын өткөрүлөт. Спорттун 12 түрү боюча жаш спортчулар күч сынашууда.

Улуттук спортко: алыш күрөшү, тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш, ал эми классикалык спортко: стол тенниси, грек-рим күрөштөрү кирет. Учурда спорттун 7 түрү боюнча мелдештер өтүп бүттү. Бүгүн, 12-апрель күнү волейбол мелдеши өттү», - деди В.Каримов.

Волейбол мелдеши кыздар жана балдар арасында өттү.

Спартакиадага Кара-Кулжа районунан Акбермет дагы келген. Анын айтымында, оюн жогорку деңгээлде өтүп жатат.

«Мен 10-класста окуйм. Командага кошулганыма 3 жыл болду. Жакшы эле даярдык менен келдик. Бизден дагы күчтүү командалар көп экен. Азыр 8 команда катышууда. Оюнда жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген үмүттөмүн», - деди Акбермет.

Ал эми Кара-Кулжа районунун командасын волейбол боюнча машыктырган Абдилазиз Рыспаев оюнчулар өздүгүн тактаган документ менен гана оюнга катышып жатканын белгиледи.

«Мен бүгүнкү оюнга Кара-Кулжа районунан 12 бала алып келдим. Биз биринчи мелдештин райондук турун өткөрүп, күчтүү оюнчуларды облустук турга алып келдик. Бирок оюнга паспорт, мектепте окугандыгы тууралуу аныктама менен гана кирүүгө мүмкүн. 3 оюнчунун паспорту жок болгондуктан оюнга катышпай калды. Биздин балдар ийгиликке жетип жатат. Буюрса алдыңкы орундарга ээ болууга мүмкүнчүлүк бар», - деди А. Рыспаев.

Ошону менен катар тогуз коргоол жана грек-рим күрөшү боюнча өткөн мелдеште командалык эсеп менен Алай районунан келген жаш спортчулар 1-орунду камсыз кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×