Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусу, Ош 04.04.2016 16:10

Өзгөндө кикбокс боюнча ачык биринчилик жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы кикбокс боюнча ачык биринчиликте өзгөндүктөр жеңишке жетишти. Бул тууралуу Өзгөн шаардык өспүрүмдөрдү дене тарбияга даярдоо клубунун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, мэрдин Кубогу үчүн жалпысынан 14 команда ат салышып, 37 салмак боюнча күч сынашкан. Мелдеш 1-апрелден 3-апрелге чейин Өзгөн шаарында өтүп, Казакстандан чакырылган спортчулар да катышты.

Мелдеш жаш өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өзүнчө өткөрүлүп, командалык эсепте 1-орунду Өзгөн шаарындагы «Лотос» спорттук клубу, 2-орунду Куршаб айыл өкмөтүндөгү «Ынтымак» спорт клубу, 3-орунду Казакстандан келген «Биянху» спорт клубунун спортчулары ээледи.

Жеңүүчүлөргө мэрия тарабынан Кубок, грамоталар берилип, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×