Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 01.04.2016 09:51

Өзгөн шаарында кикбокс боюнча ачык биринчилик башталды

Turmush -  Бүгүн, 1-апрелде Өзгөн шаарында кикбокс боюнча ачык биринчилик башталды. Спортчулар мэрдин Кубогуна ат салышат. Бул тууралуу Өзгөн шаардык өспүрүмдөрдү спортко даярдоо клубунун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Мелдешке катышуу үчүн Казакстандан жана өлкөнүн түштүк региондорунан 37 кг салмакка чейинки спортчулар чакырылган. Кабарчыга маалымдалгандай, мэрдин Кубогуна жыл сайын кикбоксинг боюнча биринчилик өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөрүлөт.

Мелдештер 3-апрелге чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×