Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 30.03.2016 10:50

Ош шаарында доллар 70 сомдон төмөндөдү

Turmush -  Бүгүн, 30-мартта Ош шаарында доллар 69,3-69,9 сомго бааланууда.

Мониторингге ылайык, саат 09:00га карата шаардагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассаларында 1 доллар сатып алууда 69,3-69,5 сомду, сатууда 69,9-70,1 сомду түздү.

Мурда маалымдалгандай, 28-мартка карата 1 доллар сатып алууда 69,7-69,8 сомго, сатууда 70,6-70,7 сомго бааланган.

Ал эми 23-мартка карата доллардын курсу сатып алууда 70,4-70,7 сомду, сатууда 71,4-71,5 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×