Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 27.03.2016 19:06

Оштогу веломарафондон трюктар (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы борбордук аянтта 800дөн ашык катышуучу менен веложарыш өттү. Кечээ, 26-марттагы веложарыштын жаш катышуучулары ар кандай трюктарды да көрсөтүп беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Катышуучулардын арасында шаардагы мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын өкүлдөрү, студенттер, окуучулар жана жергиликтүү жашоочулар болду.

Веломарафон В.Ленин көчөсү аркылуу А.Навои көчөсүнүн кесилишине чейин жана Курманжан датка көчөсү менен Заднепровский көчөсүнүн кесилишине чейин жетип, маара борбордук аянтта жайгашты.

Жарыштын активдүү катышуучулары байгелерге татыды.

Видео: Жарыштын катышуучусу М.Жунусов


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×