Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусу, Ош 21.03.2016 14:59

Ошто көк бөрү боюнча финалдык таймаштар башталды (фото)

Turmush -  Ошто Нооруз майрамына арналган көк бөрү оюнунун финалдык беттеши башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Оюн 17-марттан бери Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы ат майданында уланып жатат. Биринчилик үчүн учурда Кара-Кулжа районунун жана Ош облусунун курама командалары беттешүү алдында турат.

Республикалык улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясы тарабынан көк бөрүгө 1-орунга 80 миң сом, 2-орунга 60 миң сом, 3-орунга 40 миң сом, 4-орунга 20 миң сом коюлду.

Кунан чабышка - 1-орун үчүн 18 миң, 2-орунга 11 миң, 3-орунга 6 миң сом. Жорго салыш - 1-орун 17 миң, 2-орун 11 миң, 3-орун 6 миң сом. Ат чабышка - 1-орун 30 миң, 2-орун 20 миң, 3-орун 15 миң сом. Эр эңишке 1-2-3 орундарга 10 миң, 7 миң, 5 миң сомдон байгелер берилди.

Улуттук ат оюндарды көрүү үчүн ат майданга 5 миңден ашуун адам келип, оюнга байкоо салууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×